Өмүрбек ТИЛЛЕБАЕВ: «Сагын эженин ырларына окшоп Нуризанын ырлары да 30 жыл жашар…»

Өмүрбек ТИЛЛЕБАЕВ: «Сагын эженин ырларына окшоп Нуризанын ырлары да 30 жыл жашар…»
«Ыр өмүр» поэзия-муза кечесине катышкан акын Нуриза Өмүрбаеванын «Бейтааныш бекет» аттуу китебинин бетачары кечээ (19-майда) Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада болуп өттү.

Өмүрбек ТИЛЛЕБАЕВ: «Жупкадай китептин тоннадай салмагы»

Бул кечеге катышып, сөз сүйлөгөн белгилүү журналист, котормочу, акын агабыз Өмүрбек Тиллебаев мындай дейт:
Мен Нуриза Өмүрбаеваны «Фейсбук» аркылуу 5-6 жылдан бери билем. А өзүн бир жума башта редакцияга келгенде көрүп, тааныштым. Бул жупкадай китептин ичинде эмне бар? Сүйүү бар. Мейли ал сүйүү армандуу сүйүү болсун, мейли ал сүйүү бактысыз сүйүү болсун, мейли ал сүйүү жетпеген сүйүү болсун. Сүйүү бар жерде сезим бар, сезим бар жерде от бар, от бар жерде жан бар. А жан — түбөлүк.
Эмне үчүн Сагын Акматбекованын ырларын окурмандар бүгүн да сүйүп окуп жатышат? Сагын эженин ырларына окшоп Нуризанын ырлары да, балким, 30 жыл жашар, балким 300 жыл, балким 500 жыл жашар. Бул китептин ичинде болгону 30 ыр бар. Ошол 30 ырдын 17си төрт куплеттен, калган 13 ыры 5-6-7 куплеттен турат. Нуризанын акындык чеберчилигин караңыз, ошол төрт куплет ырга бүт ааламдын төгөрөгү төп келе тургандай сүйүүсүн, арманын, күйүтүн, үмүтүн кошуп ырдайт. Анын дээрлик бардык ырлары кыргыз акындары алда качан колдонуп келе жаткан 11 муун ыр өлчөмүндө, аттама уйкаш формасында жазылган. Ошол эски форма менен деле поэзияда жаңылыктарды жаратса болот экен го! Демек, кеп ырдын формасында эмес экен.
Мына, Американын улуу акыны Уитмен дүйнөлүк адабиятка дүйнөлүк төңкөрүш жасады. Анын ырлары эч бир рамкага, формага, рифмага сыйбайт. Прозага окшогон, эч бир уйкашпаган, келегей, узун-узун саптар. Анда Уитмендин поэзиясы кандай сапаты, өзгөчөлүгү менен миллиондогон окурмандардын жүрөгүнөн орун таап, дүйнөнү дүңгүрөттү. Ал эмне деген күч? Ал сүйүүнүн күчү. Ишенимдин күчү. Уитмендин жеке өзүнө таандык, ошол эле учурда бүткүл адамзатка таандык улуу Сезимдин, улуу Ойдун, улуу Кыялый дүйнөнүн, улуу Оттун, түбөлүк жандын күчү. Демек, дагы бир жолу айтам, кеп формада эмес экен. Кеп акындын жан дүйнөсүндө, дүйнө таанымында, кудай колдогон шык дараметинде, көз менен көрүп, кол менен кармай албай тургандай магиясында, кайып дүйнө менен реалдуу дүйнөнүн синтезинде. Нуриза, бүгүнкү кечең кут болсун! Сага чыгармачылык ийгиликтерди каалайм.
Мындан 5 жыл башта Нарсулуу, Нуриза, Алиманга арнап жазган ырымда мындай куплеттер бар. Ал ыр «Бата жана каргыш» аттуу романыма да кирген. (254-бет).
Талант күчү таймашканда жетиптир,
Жаш болсо да ыры чыйрак, тетиктир.
«Эл акынды» кур атактуу, курсактуу,
Көчөт кыздар көтөрө чаап кетиптир.
Арзып алган ар бир селки, жар сулуу,
Элимде көп ай чырайлуу, ар сулуу.
«Эл акыны» карма кыздар чачпагын,
Ал-Алиман, Нуриз менен Нарсулуу.
Өмүрбек ТИЛЛЕБАЕВ (20.05.23)

Адамдын жан дүйнөсүн тереӊ түшүнүп, баш сөз жазган Султан Раев

Жогоруда Өмүрбек агабыздын Уолт Уитменди жазганын окуп, Султан Раев агабыздын да Уитмен тууралуу жазганы эске түштү…
Журналист, акын, котормочу жолдошум Эрнис АСЕК уулу (1970-2020) өзү тандап, даярдап кеткен «Каалга» аттуу ыр жыйнагын көрбөй кетти… Байымдын көзү өткөндөн кийин, 2021-жылдын апрель айында жарык көрдү. Баш сөзүн Кыргыз Эл жазуучу, Эл аралык Түрк маданияты уюмунунун (ТҮРКСОЙ) баш катчысы Султан Раев жазып берген.
Улуттук адабияттын кыртышына сереп салып, дүйнөлүк адабияттын мейкиндик, мезгилдик ченемдеринен байкаштырып баа-сынын берген Султан агабыз «КААЛГАга» баш багып, Эрнистин жан дүйнөсүн тереӊ түшүнүп, бейнесин ачып берген.
Сөзүн айтылуу акын Уолт Уитменден баштаган. Аны мындай деп түшүндүргөн: «Эмнеге кеп төркүнүн Уолт Уитменден баштадым, улуу акын менен Эрнис инимдин кандай байланышы, рухий тутуму бар?.. Мен анын кол жазмасын окугандан соң, ушул ойго келдим. Акындарды көп окудум, ыр дүйнөсүн аңтардым. Эрнистин ырлары тууралуу жазайын дегенимде оюма Уитмен гана келип туруп алды. Башка эч ким жоктой. Арабыздан эрте кеткен Алик да, кыяндай жүрүп өткөн Рамис да, булар эң оболу эч кандай формага сыйбаган, жашоо калыбына түшпөгөн, өзүнүн мүнөзү, өзүнүн туруму менен дүйнөнүн тынчын бузгандар, руханий стандарттын вирусунан  обочо жашаган акындар эле«.  Толугу бу ШИЛТЕМЕде.
Султан агабыз жаш акын Нуриза Өмүрбаеванын «Бейтааныш бекет» аттуу китебинин да баш сөзүн жазыптыр…
Өмүрбек агабыз да Эрнистин жан дүйнөсүн түшүнгөн асыл адам. Жолдошумдун эскерүүсүн (2021-жылдын 25-апрелинде) СТВга чагылдырып берген:

Убагында мага ушундай колдоо көрсөткөн, жолдошум тууралуу жылуу сөз жазган, айткан Өмүрбек агабызга, Султан агабызга дагы бир жолу терең ыраазычылык билдирем! Кыргыз таланттарын баалаган Сиздердей адамдар турганда, кыргыздын мыкты таланттарынын аты да, даңкы да, баркы да кемибейт, өчпөйт, унутулбайт! Бар болуңуздар! Маркум жолдошум Эрнис айтып кеткендей, «Тирүүлүктүн өзү чоң майрам».

«Өзү өлсө да, сүйүү деген сезимдин, куса-муңу тирүү калат турбайбы»

Ал эми акын Нуриза Өмүрбаева сиңдимди «Бейтааныш бекет» аттуу китебинин жарык көрүшү менен куттуктайм! Нуриза, бир айтаарым, мыкты акындар: Сагын Акматбекова, Карбалас Бакиров, Султан Раев, Өмүрбек Тиллебаев жана дагы адамгерчилиги бийик улуу, орто муундагы акындардан үлгү ал! Анткени аларда МЕН деген жаман сапат жок! Өмүр бою жөнөкөй боюнча кал! Ушактан алыс. ар бир ишке калыс, баскан-турганы, жазганы менен бизге үлгү болуп келаткан эже-агайлардай Кыргыз Эл акыны бол! «Бейтааныш бекет» китебиңдеги ушул ырың менен аяктайын:
Үлбүрөшүп жанып-өчөт чырактар
дүйнө күңүрт, мунарыктайт, жол туман.
Жат кишидей кабар алып ыраактан,
жай сурайсың… Катыңды окуп олтурам…
Жолго чыкпайм, жоктой азыр барар жак.
Кайра артыңа кайтарбаган жол болот,
андан көрө абалымды санаркап,
анда-санда кат жазганың оң болот.
Абалым не? Ичтен сынып, чачылгам,
сыртым бүтүн. Өчтү өмүргө жаккан от.
Тагдыр мага таажы ыроолоп бакыттан
мончок тизип, моюнума таккан жок.
Кечтерди ээрчип келген түмөн ойлордон,
түйшөлөмүн, жүрөгүмө толот муң.
Жарыктары жанып-өчкөн жолдордо,
жамгыр чачтуу курагымды жоготтум.
Сүйүү менен жалгыздыктын ортосун,
байырладым, баш калкалаар жай кылдым.
Өткөндү эстеп, өкүт коштоп, оо, досум
сен да доошун тыңшайсыңбы жамгырдын?
Калды баары катмарында мезгилдин,
тартканда не куру убара, кур кайгы?
Өзү өлсө да, сүйүү деген сезимдин,
куса-муңу тирүү калат турбайбы.
Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.