Бишкектин Улуттук китепканасында орус акын кызы Марина Цветаеванын 125 жылдыгына арналган китеп көргөзмөсү ачылды. Ага чыгармалар топтому, ыр жана проза китептери, өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу басылмалар коюлган. Көргөзмө 22-октябрга чейин уланат.
Курбу болуп жарытпаймын, сүйбө мени, суранам!
Сулуу көздү абай кара: бүткүл дүйнөм кулаган!
Кеме сүзүш керек, билем, а тегирмен айланат.
Кайдан анан кургур жүрөк жай алат?
Ыр дептерим – сен кожоюн эмессиң!
Күлкү келет, ал үшкүрүк дебесмин.
Сүйүү жолу – оор, татаал.Тийбеймин.
Күн да өттү, өлдү – жерге бербеймин…
(Марина Цветаева)
Нази БАЯН кызы