Нарын облусунун Атбашы районунда 2006-жылы туулган, 5-класстын окуучу кызы 9-октябрда асылып өлүп калган. “Кыз жуунам деп короосундагы мончого кирип кетип чыкпай койгон. Туугандары киришсе, жоолукка асылып өлүп калыптыр. Денесин текшергенде зомбулуктун изин табылган жок”, — дейт милийсалар. Кыз жетиштүү үй-бүлөдөн экен, ата-энеси, төрт бир тууганы менен бир үйдө турушкан. Тергөө иштери жүрүүдө. Кылмыш иши козголгон жок.
Эрзат МЫРЗА