Көлдөн 27 жаштагы кызды өлтүрө сабашкан

Көлдөн 27 жаштагы кызды өлтүрө сабашкан

10-октябрда, таңкы жетиде ооруканадан Ысык-Көл облусунун ички иштер бөлүмүнүн күзөт бөлүгүнө көгала сабалган аял келип түшкөнүн кабарлашкан. Милициянын ыкчам тобу жетип барып, күбөлөрдү сураштырганда, Бостеринин тургуну жолдо жаткан кызды таап алганын билдирген. Ал тез жардам чакырып, ооруканага жеткиргени менен аял каза болуп калган. Ал Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын 27 жаштагы тургуну Салтанат Э. болуп чыкты. Ыкчам топ кылмышкерлердин изин суутпай, Бостери айылынын тургундары бир туугандар 31 жаштагы Азат Ж. менен 32 жаштагы Болот Жны кармашкан, алар дароо кылмышты мойнуна алышты. Азыр тергөө иштери жүрүүдө.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.