Кечээтен бери үч депутаттын: СДПКдан Иса Өмүркулов, “Бир болдон” Аскар Шадиев, “Кыргызстандан” Дастан Жумабековдун аттары аталып жаткан. Бүгүн болсо Дастан Жумабековдун гана талапкерлиги көрсөтүлгөнү айтылууда. Алдын ала маалыматтарга караганда, башка фракциялардан талапкерликке сунуштар түшкөн эмес.
Азыр депутаттар түштөнүүгө чыгып кетишти. Түштөн кийин көрө жатарбыз, жаңы спикер алардын суроолоруна кандай жооп берет? Бүгүн 17-спикер шайланганы турат. Ал кандай иш алып барат ким билет?
Эрзат МЫРЗА