Текебаевдин адвокаттары Жогорку Сотко кайрылышты

Текебаевдин адвокаттары Жогорку Сотко кайрылышты

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун адвокаттары Жогорку Сотко доо арыз менен кайрылышты. Анда райондук, шаардык соттордун чечимдерин жокко чыгарып, аларды актоо өтүнүчү жазылган. Эки сотто Өмүрбек Чиркешовичтин кылмыш иши далилденбегени, акча албаганы, жөн жерден эле ушактын негизинде чечим чыгып калганы айтылган. Адвокаттар жана камактагы эки саясатчы соттордун чечимин четке кагышып, “саясий куугунтук” деп келишет.

Эскерте кетсек, Текебаев менен Чотонов “орусиялык жаран Маевскийден 1 миллион доллар пара алган” деген айып менен быйыл февраль айында камакка алынган. Августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту алардын ар бирин 8 жылдан күчөтүлгөн тартипте абакка кесип, “үй-мүлктөрү мамлекетке чегерилсин” деген чечим чыгарган. Айыпталуучулар буга макул болбой жогорку инстанцияга даттанган. Бишкек шаардык соту октябрда карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Эки саясатчы УКМКнын тергөө абагында отурган. 10-октябрда №1 Тергөө абагына алынып келинген. Өткөн жумада Текебаев Бишкектеги № 47 түзөтүү колониясына, Дүйшөнкул Чотонов Молдовановкадагы № 27 абакка которулган.

Текебаев мыкты спикер болгон

Өмүрбек Чиркешович Текебаев 2005-жылдан 2006-жылга чейин спикер болгон. Андагы президент Курманбек Бакиевдин бетине айтып, парламентти мыкты башкарган. Анда да элдин көйгөйүн көтөрө калам деп бийликке жакпай калган. Акырында «жигит болсоң, асылып ал!» деп Бакиевге катуу айткан. Бакиев «Текебаев бар жерге кирбейм» деп парламентке келүүдөн да баш тартып калган. Ошондон улам, спикерликтен кетирүүгө андагы аппарат башчысы Үсөн Сыдыков аябай аракет кылган. Аягында Текебаев бийликти катуу сындап, эмнеге кетип жатканы боюнча ачык-айкын айтып, спикерликтен кеткен. Эмнеге кеткенин эл билген. А бүгүн болсо, Чыныбай Турсунбековдун эмнеге кетип жатканын түшүнбөй турубуз. Ал Текебаевдей болуп, ачык-айкын айтууга кудурети жеткен жок. Бүгүн парламентке чынында Өмүрбек Текебаев жетишпей турат.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.