Бүгүн, 28-октябрда, ажо Алмазбек Атамбаев ИИМ жетекчиси Улан Исраиловду да кур калтырган жок. Ага да “милициянын генерал-майору” жогорку наамын ыйгарды.
Улан Исраиловдун орун басары Данияр Абдыкаровго да “милициянын генерал-майору” жогорку атайын наамы берилди.
Эмкиде Башкы прокурор Индира Жолдубаева менен БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова сыйлык менен сыйланса керек…
Эрзат МЫРЗА