Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун алдын ала маалыматы боюнча, бүгүн, 3-октябрда, саат 07:29 чамасында республикабыздын аймагында эпицентрде күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Алдын ала алынган маалыматтарга караганда жер титирөөнүн очогу: Кыргыз Республикасынын аймагында, Алай кырка тоолорунда жайгашып, Бор-Дөбө айылынан 15 чакырым түштүк-чыгышты, Кара-Киндик айылынан 23 км түштүктү, Сары-Таш айылынан 30 км түштүк-чыгышты карай жайгашкан.
Жер титирөөнүн координаттары: түндүк тууралыгы 39° 30, чыгыш кеңдиги 73° 26´.
Жер титирөө: Бор -Дөбө айылында 3,5 баллга, Кара-Киндик жана Сары-Таш айылдарында 3 баллга сезилген.
Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
ӨКМ Басма сөз кызматы