Бегимай КАРЫБЕКОВА, модель: “Конкурска кечигип, катыша албай калдым. Баарыңыздарга ырахмат!”

Бегимай КАРЫБЕКОВА, модель: “Конкурска кечигип, катыша албай калдым. Баарыңыздарга ырахмат!”

Кытайда өткөн “Дүйнө сулуусу – 2017” сулуулар конкурсуна Кыргызстандан 19 жаштагы Бегимай Карыбекова катышмак. Ал конкурска өзүн тааныштырган видеону жарыялаган. Ошондон улам, конкурска катышты деп ойлоп, сүйүнгөн элибиз Бегимайга жылуу сөз жазып, бата беришкен. Көрсө, ал конкурска биздин сулуубуз кечигип калыптыр. Социалдык түйүндөргө тарап, каалоо-тилек жазып жаткандарга ыраазычылык билдирип, мындай деп жазып чыкты:

“Кытайда өткөн “Дүйнө сулуусу-2017” сынагына Кыргызстандан мен бармакмын, катыша албай калдым. Көпчүлүк мени менен кошо тынчсызданып жатышты. Виза алып, катышам го деп кызыгып, толкунданып, жооп күтүп жатканда, тилекке каршы, “Дүйнө сулуусу” сулуулар конкурсу башталып калды. Кечигип калдым. Албетте, кайгырып жатам. Бирок, мындай абал мага күчтүү болууга түрткү берет. Мени колдогон, тынчсызданган адамдарга жана төртүнчү бийлик массалык маалымат каражаттарына ыраазычылык билдирем”.

Биздин сулуу кызыбыз Бегимай Карыбекова катышса, сөзсүз жеңмек. Анткени, анын ролиги, өзүн тааныштырган видеосу мыкты болчу. Өзү да супсулуу. Мейли эми, Бегимай, жашсың, баары алдыда. Сага ийгилик каалайбыз!

ВИДЕО

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.