«Дүйнө сулуу-2017» конкурсуна катышкан сулуу – Бегимай Карыбекова (ВИДЕО)

«Дүйнө сулуу-2017» конкурсуна катышкан сулуу – Бегимай Карыбекова (ВИДЕО)

Кытайда өткөн “Дүйнө сулуусу – 2017” сулуулар конкурсуна Кыргызстандан  19 жаштагы Бегимай Карыбекова катышты.

Бегимай Карыбекова конкурста өзүн тааныштырган видеону жарыялады. ВИДЕОдон Кыргызстандын ажайган сулуулугу менен биздин сулуу кызыбызды көрө аласыздар!

Эскерте кетсек, аталган конкурстун баш байгесин Индиядан келген 20 жаштагы модель Мануши Чхиллар жеңип алды. Ал эстремалдуу спорттун түрүн жактырат. Жакшы сүрөт тартат. Ыр жазат. Классикалык индия бийинен сабак берет. Модель болгону менен  келечекте ата-энесинин (врач) жолун жолдоп, кардиохирург болгусу келет.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.