Каптагаев Атамбаевди “Эл баатыры” болгону менен чын ыкласынан куттуктады

Каптагаев Атамбаевди “Эл баатыры” болгону менен чын ыкласынан куттуктады

(бул атайын жасалган коллаж экенин эскерте кетели)

Сооронбай Жээнбеков бүгүн ишин Атамбаевге сыйлык берүү менен баштабады беле. Атамбаевге “Кыргыз Эл баатыры” наамын берип, “Ак шумкар” орденин төшүнө такпадыбы. Аны туура көрүп, чын ыкласынан Эмилбек Каптагаев куттуктап, Фейсбуктагы баракчасына төмөндөгүдөй куттуктоо жазды.

“Алмазбек Шаршеновичти бул эң жогорку даражадагы сыйлыгы менен үзөнгүлөшү, кайсы бир кыл чайнашкан учурлардагы досу катары чын ыкластан куттуктайм!

Албетте Атамбаев татыктуулардын катарында. Бул чындыкты моюнга алуубуз зарыл. Азыр «иттин уулу байгара» деле «Баатыр болчу элем, орден алчу элем» деп чуркап калбадыбы, айрыкча «Баатыр» болот элем деп Акүйдүн «эшигинен кирип, тешигинен чыгып, кайра тешигинен кирип, эшигинен чыгып» шыбыранып-күбүрөнүп кулактын кужурун алып жүргөн далай пенделерге караганда алда канча өйдөкү даражада татыктуу, бул чындыкка кепилдик бере алам. Канткен күндө дагы үйбүлөлүк-кландык бийликтерге каршы айыгышкан күрөшкө «баш канжыгада, кан көөкөрдө» деп чыккандар Алмазбек Шаршеновичти лидер катары тааныганбыз, артынан ээрчигенбиз. Бул да чындык. Президент Сооронбай Жээнбеков кызматка киришүү аземинде көтөрүңкү маанайдын шары менен айтты, биринчи жарлыгым менен «Ак шумкарды» берем деди, бул сөз айтылып калды, «Жигиттин сөзү өлгөнчө — өзү өлгөнү артык» деген сөз бар эмеспи, шашылып айтып алса дагы аны аткарууга милдеттүү болуп калды, жарлыкка кол койду. Анын үстүнө Сооронбай Шарипович далай «тар жол, тайгак кечүүдө» Алмазбек Шаршенович менен үзөнгүлөш да жүрдү, тагдырлаш болду, жакын дос болду. Бул да чындык.

Алмазбек Шаршенович, сыйлык ыйгарылган жогорку наам Кут болсун, ден соолукта болуп, бейкут өмүр сүрүүңүзгө тилектешмин!”,- дейт Эмилбек Каптагаев.

Айла жок, мындай сөздөрдү укканда, жакаңды карманат экенсиң. “Сенин үзөңгүлөштөрүң ким эле?” деп жиберет экенсиң. Көлдөгү өкмөттүн өкүлчүлүгүнөн кеткени “оппозициячыл өкүлгө” айланып, тим эле калыстыктын атасындай сөз бордогон Эмилбек мырза ушинтип бат эле болгон жүзүн көрсөтүп коерун ким билиптир? Текебаевдин сотунда, Садыр Жапаров камакка алынганда, чындыкты жалгыз билген киши болду эле, бүгүн мактап олтурган Атамбаев Роза Отунбаеваны жөөлөп өткөндө, Өмүрбек Чиркешовичти колдоп, “чыркыраган” сөз айткандай болгон… Анан эмне болду?

Өгүнү ажо Алмазбек Атамбаев акыркы басма сөз жыйынын өткөрүп, канчанчы ирет казак бийлигине тийишип, “денщиктердин пок жей турганын” кыйытты эле. Ал аласалды ажобуз айтканын өзү билбей калаар, бирок ал айткан “денщиктер” өзүн айланып жүргөнүн билбесе керек да. “Аа” деп сөз айтканча, минтип “аркы өйүздө” жүргөн Эмилбек Каптагаев Атамбаевдин көмүскөдөн башкарар “жытын” алдын ала билип, айттырбай “денщикке” айланып олтурат. Анан “кылчуну кыла билген” жаман көргөн кыялы “кыл жегенге даярмын” деп “жата калганы” мырза сөрөйдүн жонтерисинен өйдө көтөрө албагандыгын билгизип койду. А байкуш эл ушундай кишилерге үмүт артып жүрүшөт. Кимбайке айткандай, “түфү” десең болот, бирок канчалык “түфү” дебе, түкүргөндөрдүн бетинен өпкөнгө барабар” болуп жатса не кылабыз? “Кайран эл” деп ыраматылык Дооронбек Садырбаев ушундай “жылмаларды” көрүп алып айтса керек да. Ой, кошомат кылгың келсе, өзүнө айт, элге жар салдыңбы? – жеменин демитип турарын биле жүр! Билет дагы, даяр дагы, бардыгы комсомолчо, кара балакеттей билгени. Ачык эле “пок жегенге даярмын” деп кошоматка “жок” коюн соё баштаганы эмей эмине? Бул куттуктоосу менен “мени оппозициячыл көз караштагылар мени каалашынча согуп, анан мен бийликке жага баштайм” деген чолок философиясы жаткандай.

Эх, кыргызымдын жигиттери, өлөр жериңен “пок” жемей окшойт. Ачуудан эмне гана айтылбайт? Бирок “өз сөзүңө ток бол, керек болсо шок бол, электен өтө албасаң, эл сөзүндө жок бол!” деп кыргыз тегин жерден кыйырларын кыйытпаса керек да. Эмне дейбиз? Аброюңан “арзыматтык” артык болсо, ала баканды гана эмес, ак боз үйүңдү ала жыгыла бер. Калың эл өзү таразалап алат.

Кыргыздын кыйын аялзаты: “Катуу сөз сойбосо, кебез сойсун” деп туруп эле төөнүн башын буруп басып кетчү тура…

Айбалта ЧЫНОЕВ

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.