Макияжы жок, жоолукчан түшкөн сүрөтү боюнча Пугачева жооп берди

Макияжы жок, жоолукчан түшкөн сүрөтү боюнча Пугачева жооп берди

Алла Пугачеванын бетинде бир тамчы косметика жок, жоолук салынып түшкөн сүрөтүн кечээ сайтка жарыяласак, көргөн көзүнө ишенгендер да, ишенбегендер да болуп, ал кызуу талкууга түштү. Бул сүрөтү боюнча Пугачева өзү орус ММКларына эмнеге андай чыкканы боюнча жооп бериптир.

Албетте, бул сүрөттө Алла Пугачева чарчаган, ооруган сыяктуу көрүнүп калган. “68 жашка чыгып калды, ооруп аткан го…” деп күйөрмандары сар-санаа болгон. Аларга ырчы өзү: “артист деген сахнада гана косметика менен чыгыш керек, үйдөн бетин эс алдыруусу зарыл. Биз үйдөн макияжы жок жүрүп калганга көнүп деле бүткөнбүз”,-деген. Ошол бойдон журналисттерге интервью бергени чыгып калганын, оператор туура эмес ракурс кармап калганын баса белгилеп айтыптыр.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.