Сегиз эшекти түрмөгө отургузушту

Сегиз эшекти түрмөгө отургузушту

Бул тууралуу бүгүн NDTV телеканалы билдирди. Алардын айтымында, сегиз эшек кымбатка отургузулган өсүмдүктөрдү жеп коюшуп, ошол күнөөсү үчүн түрмөдө кармалууда…

Бул окуя Индия өлкөсүнүн Уттар-Прадеш штатында болгон. Аталган штаттагы абактын территориясына кымбат баалуу өсүмдүктөр тигилип, аны сегиз эшек жеп койгон. Ага ачуу келген түрмөнүн жетекчиси “эшектердин ээси келип, жооп бермейинче…” деген буйрук менен абакка каматкан. Эшектердин кожоюну болсо, жаныбарларды алып чыгуу үчүн күрөө (залог) төлөөгө жардам сурап жергиликтүү саясатчыларга кайрылган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.