Аким Саткеев үчүнчү жолу Аскарбековдун сотуна келбей койду. Эмнеге?

Аким Саткеев үчүнчү жолу Аскарбековдун сотуна келбей койду. Эмнеге?

Эркин эл” саясий партиясынын лидери, “Жаңы муун” саясий кыймылынын мүчөсү Мавлян Аскарбековдун соттук териштирүү иши бүгүн Биринчи Май райондук уланмак. Сокулук районунун акими Болот Саткеев күбө катары келбей койгондугуна байланыштуу сот отуруму 11-декабрга жылды. Ушуну менен Саткеев үчүнчү жолу сотко келбей койду. Сот эмкиге аны мажбурлап алып келүү чечимин чыгарды. Ошондой эле, кийинки олтурумга “бийликти күч менен басып алуу чакырыгы бар” деп айткан эксперттер дагы келет.

Эскерте кетсек

Көйгөйлүү, маанилүү маселелердин бири — “Дача-СУдагы” учактын кулаганы. Уктап жаткан адамдардын үстүнө таң атпай учак кулап, канчалаган адамдын (бөбөктүн) өмүрүн алган. Мына ушул бийликтин талылуу жерине тийген кандуу маселени көтөрө калам деп Өмүрбек Текебаев түрмөдө отурса, Мавлян Аскарбеков качантан бери суракта жүрөт. Мавлян “учактагы кандуу жүктүн кимге таандык экенин жана ал жакка бөлүнгөн акча жабырлануучулардын колуна чындап эле берилдиби же ортодон айыл өкмөттөрү жеп кеттиби?” деген суроону кабыргасынан коюп, маселе көтөргөнү үчүн ага “бийликти басып алууга чакырык таштаган” деген айып тагылып, сот болуп келет. УКМК Мавлян Аскарбековду эки ай суракка алган. Эми минтип сотто жүрөт. 

Жаңы президенттен үмүт кылалы!

“Жаңы президент бийлик башына келди. Атамбаевдин убагында бардык туура эмес жүргөн иштерди Жээнбеков эми калыстык менен карайт” деп, ага үмүт артып турабыз. Үмүт да кылалы, үн да кошолу, туугандар! «Мавляндыкы туура, аны колдойм» дегендер болсо, 11-декабрда, саат 10:00го Биринчи Май сотуна келсеңиздер болот!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.