«Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмунун 11 мүчөсү кармалды

«Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмунун 11 мүчөсү кармалды

УКМК жана ИИМ кызматкерлеринин биргелешкен операциясынын алкагында «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмунун 11 мүчөсү кармалганы тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Алардын маалыматына таянсак, кармалгандардын бири аталган уюмдун аймактагы лидерлеринин бири болуп саналат. Кармалган жарандар — Бишкек шаарынын, Чүй, Ысык-Көл жана Ош облусунун тургундары. Буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында алардын үйлөрүн тинтүү жүргүзүлүп, “Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмуна тиешелүү адабияттар, баракчалар жана дисктер табылган.

Бул факты боюнча кошумча ыкчам иликтөө жана тергөө иштери уланууда.

«Хизб ут-Тахрир» диний уюму Кыргызстандын аймагында экстремисттик деп таанылган. Бул агымдын идеяларын жайылтууга тыюу салынат.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.