БШК Аида Салянованы мандатынан ажыратканы калды…

БШК Аида Салянованы мандатынан ажыратканы калды…

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянова боюнча Бишкек шаардык сотунун чечими Боршайкомго келип түштү. Анын жыйынтыгы менен депутатты мандатынан ажыратуу жөнүндө чечим кабыл алынат. Мандатын алуу маселеси жакынкы жумаларда ишке ашышы мүмкүндүгүн  БШК төрайымынын орун басары А.Бекматов журналисттерге кабарлады.

Салянованын ордуна депутат болуп ким келет?

Аида Жеңишбековнанын ордуна парламентке «Ата Мекен» партиясынын атынан Клара Кабилова келээри буга чейин айтылып эле келген. Клара айым келээри анык болуп калды. Ал БШКнын мурдагы төрайымы. 2008-жылкы шайлоодо, ал андагы президент Курманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиев коркутуп-үркүтүп жатканын айтып чыккан.

Аида САЛЯНОВА: “Мага мандат маанилүү деле эмес”

Бишкек шаардык соту 7-февралда Аида Саляновага козголгон кылмыш иши боюнча Ленин райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган. Соттон чыкканда депутат: “булардын максаты менден мандатты алуу болууда. Мага мандат маанилүү деле эмес. Мага парламенттеги микрофон керек болчу. Себеби, мага көптөгөн карапайым эл көйгөйлүү маселе менен кат жазып кайрылышат. Алардын үнүн микрофондон айтып, бийликке жеткирип туруу максатым эле”,-деген болчу. Анын сыңарындай эле, Аида Жеңишбековна көптөгөн маселелерди парламентте көтөрүп, ачуу чындыкты айтып келди.

Эскерте кетсек

Бишкектин Ленин райондук соту былтыр 10-октябрда депутатты беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Салянова өз жазасын үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Лерин райондук сотунун чечимин 7-февралда Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган. Эми минтип ал чечимдер БШКга түшүп отурат. Алар жакынкы арада депутаттын мандатын алабыз деп турушат.

Жаңы президент келгени менен Жээнбеков эски киши да…

Ушуга жеткирбей Сооронбай Жээнбеков чечиш керек эле. Аттиң, соттордун туура эмес жүргүзгөн ишин көз жаздымда калтырды. “Бийлик алмашты, Жээнбеков келди, баарын чечет” дегенсиңер. Кана? Туура эмес соттолуп, жалган жалаа менен камалган Текебаев менен Чотоновдун акталып чыктыбы? Эч бир далили жок сотто суралып жаткан Салянова менен Шыкмаматовдун иши кайра каралып, жокко чыктыбы? Жаңы президент келгени менен Жээнбеков эски киши да. Бардыгы калыс, адилеттүүлүк менен каралыш үчүн, жаңыланып, тазаланыш үчүн, бийлик башына жаңы жүз келиш керек болчу. Эскилер эскини эле кайталап, иш алып барат. Эскинин ишин улантат. “Атамбаевдин ишин улантам” деп ачык эле айткан. Улантып атат. Болбосо туура эмес соттолуп жаткан саясатчылардын иши каралат эле да. Ачуу чындыкты айтып койгон депутаттын мандатын шылтоо менен ала берсек, анда адилет, калыс саясатчы парламентте калбай калат го. Ансыз деле саналуу гана болчу… Акыры чындык жеңет, кайра Аида Салянова парламентке депутат болуп келет!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.