Элнура АЛКАНОВА, журналист: “Мага куугунтук жүрүп жатат” (ВИДЕО)

Элнура АЛКАНОВА, журналист: “Мага куугунтук жүрүп жатат” (ВИДЕО)

Журналист Элнура Алканова маалымат жыйын өткөрүп, коомчулукка кайрылып, ага карата мыйзамсыз кылмыш иши козголуп, куугунтук жүрүп жатканын билдирди. Жана ага козголгон кылмыш ишинин мыйзамдуулугун чогуу көзөмөлгө алууга чакырды.

Журналисттер мыйзамсыз иштерди коомго алып чыгып, пайда алып келиш үчүн иштейт. Эгер коомго журналисттик иликтөөнүн кереги жок болсо, анда журналистиканын мааниси да жок болот. Мен өз укугумду жалгыз коргой албайм. Андыктан мага козголгон кылмыш ишинин мыйзамдуулугун чогуу көзөмөлгө алууга чакырам”, — дейт журналист Алканова.

Эскерте кетсек

Былтыр, Э.Алканова Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду «Ала-Арча» резиденциясына жакын жердеги 48 коттеж 12,4 гектар жери менен аукцион аркылуу 142 миллион сомго сатылганы, ал экс-президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын мүлкү экенин, кийин улутташтырылганы боюнча иликтөө жүргүзүп, мүлктү сатууда мыйзамсыз иштер болгонун жазып чыккан. Журналисттин мындай маалыматын Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмү «чындыкка төп келбейт» деген.

13-февралда, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча кызмат Элнура Алканованы «Коммерциялык же банктык жашыруун сырды түзгөн маалыматты мыйзамсыз алуу» жана «Коммерциялык же банктык жашыруун сырды таратуу» боюнча күнөөлүү деп таап, айыбын угузган.

Урматтуу кесиптештер, Элнура Алканованы колдойлу, коргойлу, үнүн элге жеткирели!

Алканованын кайрылуусу:

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.