Министр Батыралиев “Кыргыз туусу” гезитин сотко берди

Министр Батыралиев “Кыргыз туусу” гезитин сотко берди

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев «Кыргыз туусу» гезитин сотко берди. Министрдин доо арызы Биринчи май райондук сотунда, 26-февралда карала турган болду.

Министр Батыралиевдин айтымында, сотко кайрылууга аргасыз болгон. “Кыргыз туусу” гезитине 2017-жылдын 1-декабрындагы санына медициналык мекемелердин кызматкерлеринин кайрылуусу чыккан. Андагы айрым сөздөр менин кадыр-баркына шек келтирген. Менин аброюма шек келтирген басылмаларды жоопко тартпасам болбойт. Кызыгы, гезитке чыккан кайрылууда кол койгондордун көпчүлүгү сөзүнөн баш тартууда», — дейт министр.

Доонун жалпы баасы 2,7 миллион сомду түзгөн

Министр аброюна шек келтирген сөз үчүн басылмадан 500 миң сом талап кылган. Ал эми кайрылууга кол койгон шаардык эндокринологиялык диспансердин мурдагы директору Светлана Мамутова жана № 4 төрөткананын башкы дарыгери Бурул Алмазбекова баштаган 22 кишинин ар биринен 100 миң сом суралган. Доонун жалпы баасы 2,7 миллион сомду түзгөн.

Эскерте кетсек

Айрым медициналык мекемелердин жетекчилеринин арыздануусунан кийин, Жогорку Кеңеш атайын комиссия түзгөн. Комиссиянын мүчөсү, депутат Айсулуу Мамашева «министрди кызматтан алууга жетиштүү мыйзам бузуулар» табылганын айткан.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.