Актер Жолдошбек Аманкулов мамлекеттик кызматка келди

Актер Жолдошбек Аманкулов мамлекеттик кызматка келди

Көпчүлүккө Жолдошбек Жанжигит уулу деген ат менен белгилүү болгон актер, тамада, “Учур” театрынын көркөм жетекчиси Жолдошбек Аманкулов Бакен Кыдыкеева атындагы кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрына жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, Жолдошбек Аманкулов келишимдин негизинде бир жылга дайындалган. Жаңы жетекчини министр Султан Жумагулов театр жамааты менен өзү тааныштырган. Эскерте кетсек, буга чейин аталган театрды Эген Чалабаев жетектеп келген.

Жаңы жетекчи жөнүндө учкай айта кетсек,  Жолдошбек Аманкулов 38 жашта. Үй-бүлөлүү, эки уул, бир кыздын атасы. Жогорку билимдүү. Москвада М.С Щепкин атындагы жогорку театралдык институтту аяктаган. Учурда Орусия президентине караштуу Башкаруу академиясында магистратурада окуп жатат. Ч.Айтматов жана М.Рыскулов атындагы сыйлыктардын ээси.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.