Топчубек ТУРГУНАЛИЕВ: “Митинг десеңер сүйүнүп кеттим, мен келем”

Топчубек ТУРГУНАЛИЕВ: “Митинг десеңер сүйүнүп кеттим, мен келем”

Кечээ Бишкекте коррупцияга каршы аракеттерди талкуулаган жыйын болуп, ага көрүнүктүү саясатчылар, коомдук ишмерлер, укук коргоочулар, депутаттар катышып, коррупцияны кантип жок кылуу жолун талкуулашкан. Жыйынды уюштуруучулардын бири, укук коргоочу Рита Карасартова 5-мартта Жогорку Соттун алдына чогулуп, митинг өткөрүүгө чакырык таштаган. Анда аксакал Топчубек Тургуналиев буларды айтты.

“Митинг дегениңерде, абдан сүйүнүп кеттим. Митингди жалаң эле Жогорку Соттун алдында эмес, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн алдындагы эски аянтта өткөрүш керек. Бул жыйындан жыйынтык чыкпайт дегендерге кошула албаймын. “Кет эле кет” деп, мурун президенттерди айтсак, эми “кетсин” деп коррупционерлерди айтышыбыз керек! 5-мартта өтө турган митингге мен келемин!,-деди Топчубек Тургуналиев.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.