Үчүнчү топтогу майып Тентимишев оозун тигип салган

Үчүнчү топтогу майып Тентимишев оозун тигип салган

Бул тууралуу Акыйкатчынын институтунан билдирди. Алардын айтымында, Тараздагы 158/4 абагында жаза өтөп жаткан 3-топтогу майып Э.Тентимишев аттуу Кыргызстан жараны нааразычылыгын билдирип, ачкачылык жарыялап, оозун тигип салган.

Тентимишевдин мындай кадамга баруусуна 158/4 абагынын жетекчилигинин улутуна карап, дискриминациялоосу себеп болгон.

Муну уккан акыйкатчы Кубат Оторбаев Казакстандын адам укуктары боюнча ыйгарымдуу өкүлү Аскар Шакировго кайрылып, Э.Тентимишевдин укугунун корголушуна көмөк көрсөтүүнү суранган. Ошондой эле Акыйкатчы Тентимишевди Кыргызстанга алып келүү мүмкүнчүлүктөрүн колго алуу өтүнүчү менен Кыргызстандын Баш прокуратурасына жана Тышкы иштер министрлигине кайрылуу кат менен кайрылган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.