Толгонай СТАМАЛИЕВА: “Президент айткан убадаларын аткарып келатат”

Толгонай СТАМАЛИЕВА: “Президент айткан убадаларын аткарып келатат”

Эртең, 3-мартта президент Сооронбай Жээнбековдун кызматка киришкенине 100 күн болот. Албетте, “100 күндүн ичинде эмне кылды?” деген суроо туулбай койбойт. Буга президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева жүз күн аралыгында президенттин эмне кылганын “Азаттыкка” айткан.

“Президент Сооронбай Шарипович президенттик шайлоо алдында берген убадаларын четинен аткарып келе жатат. Анда өлкө аймактарын жана экономикасын өнүктүрүүнү айткан. Ушундан улам, “2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп жарыяланды. Анын алкагында жумушчу топтор түзүлүп, реалдуу кыймылдар башталды. Ошондой эле президент аймактарга иш сапары менен барып, жер-жерлердеги абал менен таанышып жатат,-деген пикирин билдирген Толгонай Стамалиева.

А сиздин оюңузча, урматтуу окурман, президент 100 күндө эмне кылды?

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.