Акаев бир түнгө модель сатып алууга аракет кылганбы?

Акаев бир түнгө модель сатып алууга аракет кылганбы?

«Жазында сүйүү башталат» дегендей, Аскар Акаевге жазында жаңы сүйүү келдиби?» деп айрым сайттар жазып чыкты. Ага ишенип калгандар да болду окшойт. Көрсө…

Instagram колдонуучу Константин Хабенского экс-президент Аскар Акаевдин атын жамынып, Орусиялык модель жана блогер Ксения Бурданы бир түнгө сатып алууга аракет кылган. Кудай жалгап, ал аракети ишке ашпай калган. Анын мындай аракети моделдин аукционунан башталыптыр. Блогер Бурда Instagramга кимде ким кайрымдуулукка чоң сумманы сунуштаса, аны менен жолугушууга барарын билдирген аукцион жарыялаптыр. Анан Аскар Акаевдин атын жамынган фейк моделге 1,2 млн рубль сунуштаптыр. Мындай сумманы Кыргызстандын экс-президенти сунуштап аткандан кийин дегенби, айтор, тиги Ксения да кызыгып, сунушту четке какпаптыр…

Ал эми Аскар Акаевдин социалдык түйүндөгү администратору Гүлназ Опузбекова мындай маалыматты четке каккан. Интернетке жасалма баракча ачып, Аскар Акаевдин атына жамынган адам фейк экенин ММКга билдирген.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.