Жээнбековду СДПКнын съездине катыштырбоону Атамбаев буйрук кылганбы?

Жээнбековду СДПКнын съездине катыштырбоону Атамбаев буйрук кылганбы?

Эртең, 31-мартта СДПКнын съезди болот. Күн тартибинде экс-президент Алмазбек Атамбаевди (жалгыз талапкер) партиянын төрагалыгына шайлоо маселеси жана күздө өтчү КСДПнын 25 жылдык мааракелик курултайына даярдык маселеси коюлган.

Съезд жабык эшик артында өтүп, журналисттер киргизилбейт

Съездге журналисттер киргизилбейт, ал жабык эшик артында өтөт. Бул тууралуу аталган партиянын төрагасынын орун басары Фарид Ниязов “Азаттык” радиосуна билдирген. Анын айтымында, курултай өтүүчү зал тар болгондуктан делегаттар гана батат имиш. Ниязовдун айтымында, Курултай Бишкектеги “Орион” мейманканасында өтөт. Ага 190 делегат чакырылган. Курултай бүтөрү менен Атамбаев маалымат жыйын өткөрүп, журналисттердин бардык суроолоруна жооп берет экен.

Асылбек Жээнбеков жыйынга эмнеге чакырылган жок?

КСДП фракциясынын депутаты, президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков бул жыйынга чакыруу албаганын “Азаттыкка” билдирген. “Мен үч күндөн бери тажияда жүрөм. Чакыруу келген-келбегенин азыр тактайм. Бирок мен 2007-жылдан бери КСДПнын Ош шаары жана облусу боюнча координаторумун. Бирок саясий кеңештен чыккам, — деген Жээнбеков.

Ошентип…

Эртең көп нерсе билинет. Атамбаевдин баягы «жасалма» жүзү, дагы «балп» деген үнү жаңырат. Күтө туралы, кызыктар али алдыда…

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.