Апрель окуясында уурдалган куралдардын 514ү табыла элек

Апрель окуясында уурдалган куралдардын 514ү табыла элек
Сүрөт «Азаттыктан» алынды

Бул тууралуу ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын өкүлү Тилек Шаршеналиев “Азаттыкка” билдирген. Анын айтымында, 2010-жылы Апрель окуясында уурдалган 865 курал-жарактын 351 даанасы кайтарылып алынган, 514ү табыла элек. “Калган куралдарды да алуу боюнча аракеттер уланып жатат. Муну үчүн ИИМдин аймактардагы бөлүмдөрү “Арсенал” операцияларын үзгүлтүксүз өткөрүп турушат. Курал-жаракты өз ыктыяры менен тапшырган жаран кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат”,-деген Шаршеналиева.

Маалыматка караганда, 2010-жылкы апрель окуяларынын тушунда Бишкек шаарындагы, Талас, Нарын жана Ош облустарындагы ички иштер бөлүмдөрүндө куралдар тонолуп, уурдалып кеткен. Эскерте кетсек, 2011-жылы, ал кездеги президент Роза Отунбаева 1177 даана курал уурдалганын расмий кабарлаган.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.