Нариман Түлеев апасына арнап армандуу ыр жазды

Нариман Түлеев апасына арнап армандуу ыр жазды

Экс-депутат Нариман Түлеевдин апасы Чынара Түлеева 2-апрелде 80 жашында көз жумуп, кечээ, 4-апрелде Байтик көрүстөнүнө сөөгү берилди. Энесиз таң атырып, күн батырып жаткан Нариман Түлеев апасына арнаган ырын Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Тамшантып ыйык аппак сүтүң менен,
Талпынтып ак бешикте бактың элең.
Нуруңа, мээримиңе магдыратып,
Маңдайдан мага тийген күнүм элең.
Асыл энем таалайым менин.
Бакытым сен,
Жыргалым сен,
Сүйүктүү менин энем!
Барса келбес сапарыңа узап кетип,
Батырдың баарыбызды күйүткө терең…

«Алакан» сайтынын эмгек жамааты Нариман Түлеевге терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөт.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.