ТАЖИБАЕВ: “Мискенбаев биздин балдарды тиякка-биякка колдонуп келген”

ТАЖИБАЕВ: “Мискенбаев биздин балдарды тиякка-биякка колдонуп келген”

Бүгүн “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинен 78 адам бөлүнүп чыгып, өз алдынча “Айкөл таза коом” уюмун уюштурулганы тууралуу “Азаттыкка” аталган уюмдун расмий өкүлү жана юристи Кубанычбек Тажибаев билдирген. Ал «Азаттыкка» мындай деген: “Мээрбек Мискенбаевдин соңку кадамдарына макул болбогон мүчөлөр “Айкөл Ала Тоо” коомунан чыгып, өз алдынча уюм түздүк. Оор жараат алган 1,2,3-топтогу майыптар Мискенбаевден бөлүнүп чыгып, өз алдынча коом ачтык. Бул уюмга чачмадан эмес, чыныгы октон жараат алган 78 жигит мүчө болуп кирди. Коомдук бирикменин уюштуруу жыйыны болуп, жаңы уюмдун атын “Айкөл таза коом” деп атадык. Буга чейин биздин балдарды Мискенбаев тиякка-биякка колдонуп келген. Анан ага окшогондордун аркасында иштер болсо, алар “курал” болуп кетишет экен да. Ошондуктан кайсы бир саясий партиянын куралына каршы болгондор өзүнчө бириктик”.

Эскерте кетсек, “Айкөл Ала-Тоо” коомун 2010-жылы апрель окуясынын катышуучулары түзүп, ага төрага кылып Мээрбек Мискенбаевди шайлашкан. Мискенбаев коомунда 500 мүчө бар экенин айтып келген. Ал өткөн айда президент Жээнбековго бир тууган иниси Асылбек Жээнбековду депутаттык мандатын тапшыруусун талап кылган. Экс-президент Алмазбек Атамбаевди сатпай, мактап, жактап келет. Ушундай кадамдары 78 мүчөсүнө жакпай калса керек…

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.