Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алмазбек Баатырбеков билдирди. “Нарын облусунда 280 миӊ адам жашайт. Дартка чалдыккан адамдардын көпчүлүгү Нарын шаарындагы облустук ооруканада дарыланат. Ошондон улам, Нарын шаары менен Нарын районунун тургундары үчүн станционардык дарылануу кыйынчылык жаратууда. Бүтүндөй бир облустун оорулуу адамдарын жалгыз ооруканага батыруу кыйын. Мурда Нарын шаары менен Нарын районунун тургундары үчүн өзүнчө оорукана куруу планы бар болчу, бирок ал демилге создугуп кетти. Өкмөт ушул маселени чечип берсе жакшы болот эле», — дейт эл өкүлү.
Эрзат МЫРЗА