Түркияга кеткен кыз дайынсыз жоголуп, апасы издөөдө…

Түркияга кеткен кыз дайынсыз жоголуп, апасы издөөдө…

Бул сүрөттөгү кыргыз кыздын аты-жөнү — Самакова Жаркын Бектургановна (1983-жылы төрөлгөн) экен. Анын жоголуп кеткени тууралуу учкай маалымат социалдык желелерге тарады. Анда мындай деп жазылат: “Караколдон 01.03.18 таңкы саат 05:00до Стамбулга учуптур, ошо бойдон дайынсыз болуп атат…. Апасынын жүрөгү ооруп, приступ болуп атат, эки баласы ыйлап жатат!!!

Жаркын, өзүң көрүп, окуп, угуп жаткан болсоң, тез арада апаңа кабар бер, апаң катуу ооруп атат. Ал жакка кызды анын азербайжан жигити чакырыптыр. Анкарага кетиши мүмкүн. Жаркындын жигити ошол жактан пакет чыгарган жерде иштейт экен. Көргөн-билгендер болсо, +996 707 69 98 72 , +996 705 24 08 59 телефонуна чалып, кабарлап коюңуздар!”.

Урматтуу туугандар, мээримдүү апасына, жароокер балдарына жардам кылып, дайынсыз кеткен кызды табышып коюңуздар! Жок дегенде бөлүшүп коюңуздар!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.