Толгонай СТАМАЛИЕВА: “Мелис Мырзакматовду көргөн жокпуз”

Толгонай СТАМАЛИЕВА: “Мелис Мырзакматовду көргөн жокпуз”

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов Түркияда президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууга аракет кылгандыгы тууралуу социалдык тармакта жарыяланып, кызуу талкууга алынды. Мындай маалыматты президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева четке кагып, мындай деп жооп берди: «Сооронбай Жээнбеков расмий сапары менен жүрөт. Сооронбай Шарипович Түркияда, ал өлкөнүн президенти Реджеп Тайып Эрдоган жана башка жетекчилери менен жолугушту. Мелис Мырзакматовду көргөн жокпуз».

Эскерте кетсек, Мелис Мырзакматов 2009-2013-жылдары Ош шаарын башкарып, ага 2014-жылы кылмыш иши козголгон. Ал издөөгө алынып, табылбай калган. Маалыматтарга караганда, ал чет өлкөдө, Түркияда деген имиштер бар.

Мелис Мырзакматовдун Түркиядагы сүрөтү социалдык тармактарга жарыяланган. Айрым маалыматтарга караганда, бул сүрөт мамлекет башчысы С.Жээнбековдун Анкара шаарында токтолгон Sheraton отелинде тартылып алыныптыр.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.