РАКАЕВ: “Калк менен компаниянын ортосунда эмнеге каршылык чыкты?”

РАКАЕВ: “Калк менен компаниянын ортосунда эмнеге каршылык чыкты?”

11-апрелде, Бишкектеги Ак-Кеме мейманканасында Борбордук Азиянын жарандык уюмдар арасында “Жер, балык жана Токой ресурстарына ээлик кылуу жана пайдалануу маселелерин Жоопкерчиликтүү жөнгө салуунун ыктыярдуу башкаруу принциптерин” жайылтууга арналган семинар болуп өттү. Семинарга Германиянын, Голландиянын, Туркиянын, Украинанын, Италиянын, Монголиянын, Румыниянын, Армениянын, Түркмөнстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын кырктан ашык экология, туруктуу өнүктүрүү, фермердик менен алектенген өкүлдөрү, мал-чарбачылыгындагы лидерлер, жайыт комитетинин адистери катышты.

Бул иш-чаранын негизги максаты Борбор Азиянын жана КМШнын лидерлеринин потенциалын жогорулатуу. Ошондой эле БУУнун Азык-түлүк коопсуздугуна тийиштүү Ыктыярдуу башкаруу принциптерин колдонуу, азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө. Келген катышуучуларыбыз жарандык коомдун лидерлери. Бул семинар жакыр, жерге жете албаган, жерин алдырып жиберген же аргасыз, жери жоктугунан миграцияга кеткен жарандарыбыздын укугун бекемдөөгө жардам берет. Жерге болгон укук, аны жоопкерчиликтүү пайдаланууну үйрөнүү зарыл. Бүгүнкү күнү Тогуз-Тородогу мисалды алсак. Эмне себептен жергиликтүү калк менен алтын иштеткен компаниянын ортосунда каршылык чыгып жатат? Себеби мыйзам жергиликтүү элдин кызыкчылыгын эске албаган. Бул үстүнөн түшкөн, башка, колунда бийлиги барлардын кызыкчылыгын коргогон мыйзам. Алар лицензияны арзыбаган акчага берип коюп жатат, ал эми жергиликтүү эл байлыгынан, балдарынын келечегинен айрылууда”, – дейт семинардын уюштуруучусу, “Көчмөн малчыларды өнүктүрүү” коомдук фондусунун жетекчиси Акылбек Ракаев.

Ал эми Украинадагы “Экодия” экологиялык демилгелер борборунун жетекчиси Михаил Амосов: “Борбор Азияда Украинага салыштырмалуу эркектерге караганда аялдардын жерге, жер иштетүүгө жеткиликтүүлүгү начар экендигин байкадым. Анан да сугат маселеси абдан орчундуу экен. ошону менен катар сиздерде мал чарбачылык менен алектенгендер демилгелүү экендиги суктанаарлык. Ал эми баарыбыздын бирдей эле көйгөйүбүз – жер байлыктарын, сууну коргоо, кайра иштетүү. Бүгүнкү иш-чаранын негизин түзгөн Ыктыярдуу башкаруу принциптерин жайылтуу бизде да начар болууда. Ошондуктан мага бул маселени башка өлкөлөр кандай жолдор менен чечкендигин билүү кызык”, — деди.

Бүбү ТОКОЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.