Алла Пугачева бүгүн 69 жашка чыкты. Анын күйөөлөрү, балдары…

Алла Пугачева бүгүн 69 жашка чыкты. Анын күйөөлөрү, балдары…

Ааламга таанымал ырчы Алла Пугачева бүгүн 69 жашка чыгып, белгилөөдө. Ал беш күйөөгө тийип, үч балалуу болгон. Анда эмесе, сөз башынан болсун!

Ата-энеси жана бир туугандары

Алла Пугачева 1949-жылы 15-апрелде Москвада төрөлгөн. Анын ата-энеси — Зинаида Архиповна Одегова жана Борис Михайлович Пугачев. Согуш ардагерлери болгон. Согуштан кийин Алланын апасы заводго бөлүм башчы (отдел кадр) болсо, атасы карьерасын бут кийим чыгаруучу фабрикадан баштаган. Ал ишканадан ишин тез эле өздөштүрүп кетип, директорлук кызматка чейин жеткен.
Алардын тун уулу Геннадий дифтерия оорусунан көз жумган. Эки жылдан кийин алардын үйүндө кыз төрөлүп, ага актриса МХАТа Алла Тарасованын урматына анын аты берилген. Бир жылдан соң Евгений аттуу бала төрөлгөн.

Күйөөлөрү, балдары, неберелери

А.Пугачева 1969-жылы Миколас Эдмундас Орбакаска турмушка чыгып, андан бир кыздуу болгон. Ал – Кристина Орбакайте. Кызы белгилүү ырчы болуп чоңоюп, өзүнүн кесиптеши белгилүү ырчы Владимир Пресняковго турмушка чыгып, Никита аттуу уулдуу болуп, апасын кубантат. Тилекке каршы, ажырашып кетишкен. Бирок,  небереси Никита ырчы болуп таенесин кубанткан. Ал азыр жаштардын кумирине айланды… Кристина дагы кайталап турмуш куруп, бир кыз, бир уул төрөп, дагы эки неберелүү кылып апасын сүйүнткөн, бирок, ажырашып кетип, күйөөсү балдарын бербей, соттошуп Алла Пугачеваны күйүнткөн… А.Пугачеванын экинчи күйөөсү – Александр Стефанович, үчүнчү күйөөсү – Евгений Болдин. Төртүнчүсү – өзүнөн 18 жаш кичүү Филипп Киркиров болгон. Экөө баш кошкондо дүйнөгө дүң болгон. Экөө 12 жыл жашап, ажырашып кеткен. Бешинчиси – Максим Галкин, жаш айырмачылыгы – 27 жаш. Экөө 2011-жылы баш кошуп, Лиза жана Гарри аттуу эгиздүү болушкан. Ушул кезге чейин бактылуу жашап келатышат. Бүгүн да бактылуу үй-бүлө туулган күндү белгилешүүдө…

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.