Жээнбеков шайлоодо колдогону үчүн Ташиевди министр кылабы?

Жээнбеков шайлоодо колдогону үчүн Ташиевди министр кылабы?

Келаткан жумада парламентте премьер-министр Сапар Исаковдун тагдыры чечилет. “Өкмөт кетсе, министрлер да кетет. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин министри Кубатбек Бороновдун ордуна Камчыбек Ташиев келет экен” деген имишти айрым гезит, сайттар таратты.

Мындай куш кабарды “Жаңы ордо” гезитинен алышыптыр, анда: “Олку-солку болуп турган азыркы өкмөт көпкө барбай турганы маалым. Кийинки өкмөт мүчөлөрү кимдер болот деген маселе эмитен эле бүйүр кызытууда. Бул өкмөт отставкага кетип, жаңысы келсе Кубатбек Бороновго да көптөн бери ээлеп олтурган ӨКМ буйрубай кала турганы маалым болду. Бороновдун ордуна Камчыбек Ташиев олтуруп калышы мүмкүн дешүүдө”,- деп жазылыптыр. Кымындай кабарды колдогондор кубануу менен кабыл алды. Атүгүл, «Ташиев Жээнбековду президенттик шайлоодо колдогон, ал үчүн кызматка барышы керек!» деп ачык эле жазып чыгышты. Президенттик шайлоодо Ошко Чубак ажыны алып барып, сүйлөтүп, ызы-чуу болушпады беле?! БШК Чубак ажыга эмес, Ташиевге эскертүү берген, эсиңиздердеби? Эми «колдоду» деп эле кызматка алып келе беребизби?

Кыскасы, Ташиевди колдогон да, колдобогондор да бар. А сиз министр болушун каалайсызбы? Мисалы, биз К.Бороновдун ордунда эле калышын каалайбыз. Интрига, кошоматчылыктан алыс, ар бир ишке калыс, токтоо, жөнөкөй адам.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.