Башпрокурор депутат Курманкул Зулушев болобу? Ал Сооронбай Жээнбековдун иниси экени да айтылууда…

Башпрокурор депутат Курманкул Зулушев болобу? Ал Сооронбай Жээнбековдун иниси экени да айтылууда…

Индира Жолдубаеванын ордуна башкы прокурор болчулардын аты атала баштады. Өзгөчө «Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаты, экс-судья Курманкул Зулушевдин аты көбүрөөк аталууда. Ал жөнүндө кыскача маалымат бере кетсек.

48 жаштагы Курманкул Зулушевдин аты 2013-жылы чыккан, тагырагы, Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп турганда коомчулукка таанылган. Ошол жылы жайында соттолуп жаткан «Ата Журт» фракциясынын үч депутаты – К.Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытовдун ишин карап, аларды актаган өкүм чыгарган. Ал кездеги президент А.Атамбаев “мыйзам бузууга жол берген” деп эки судьяны К.Зулушев менен М.Сатиевди иштен алган. Экөө 2015-жылы парламенттик шайлоодо «Республика — Ата Журт» партиясынын тизмесине кирген. Алар тизмеге андагы партиянын тең төрагасы Камчыбек Ташиевдин квотасы менен кошулган. Зулушев көп сүйлөбөгөн депутаттардын бири болчу, акыркы кездерде активдүү сүйлөй баштады. Өзгөчө премьер-министр Сапар Исаковду, анын өкмөтүн катуу сындап, иштен кетишин талап кыла баштады.

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Курманкул Зулушев президент Сооронбай Жээнбековдун иниси, депутат Асылбек Жээнбеков менен президенттин кан кудасы, фракциялашы Алиярбек Абжалиев менен өтө жакын экенин айтышууда. Андыктан, башпрокурор болуп калса таңгалбай деле коелу. Эгер президент ушуга жол берсе, анда Атамбаевдин көчүн улап атат (өзү деле улайм дебеди беле) деп эле түшүнөлү. Атамбаев деле дос, санаалаш-пикирлеш, шоопурун жогорку кызматка көтөрүп, жогорку наамдагы сыйлыктарды берип кетпедиби…

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.