Өспүрүм кызды сойку кылган аял 6 жылга кесилди

Өспүрүм кызды сойку кылган аял 6 жылга кесилди

Бишкектеги Свердлов райондук соту беш баланын энесине, 37 жаштагы аялга  өкүм чыгарганы тууралуу “Турмуш” жазып чыкты. Алардын маалыматына караганда, Александра аттуу аял 17 жаштагы кызды сокулук менен алектенүүгө коркутуп-үркүтүү жол менен түрткөн. Бир үйгө камап, интим көрсөтүү кызматын кылдырган. Өспүрүм кыздын айтымында, ал аял интим кызмат көрсөткөнү үчүн саатына 1200 сом алып турган. Ал жерге жабырлануучу дос кызы аркылуу жумуш издеп барып түшүп калган. Камалган жеринен эптеп качып чыгып, укук коргоочу органдарга айтып берген. Анын арызы сотко ашып, аял кармалып отурат. Кыздын көрсөтмөсүн эске алуу менен сот ал аялды алты жылга эркинен ажыраткан. Ал жазасын аялдардын абагында өтөр турган болду. Бирок, жаза мөөнөтүн 8 жаштагы баласы 14 жашка чыккандан соң өтөйт.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.