Алмамбет ШЫКМАМАТОВ: “Сапар Исаков кеңешпей “Кумтөр” келишимине кол койгон”

Алмамбет ШЫКМАМАТОВ: “Сапар Исаков кеңешпей “Кумтөр” келишимине кол койгон”

Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңеште «Өнүгүү — Прогресс», «Республика – Ата Журт», «Ата Мекен» фракцияларынын биргелешкен кезексиз жыйынында Сапар Исаковдун бир жылдык отчету каралды. Өкмөт башчынын маалыматын угуп, жыйынтыгында, үч фракция “канаатандырарлык эмес” деп тапты.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Сапар Исаковдун  катасын атады. Ал “Кумтөр” алтын кени боюнча тарыхый адилеттүүлүк ордуна келбей келе жатканын айтып, С.Исаковдун башка катачылыгы катары парламент менен кеңешпей туруп, “Кумтөр” кени боюнча келишимге кол койгондугун атады.

Сапар Исаков бул катасын моюндабай, «керек болсо ал келишимди узартышыбыз керек!»,-деди.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.