Сапар Исаковдун отчетуна үч фракция канааттанган жок

Сапар Исаковдун отчетуна үч фракция канааттанган жок

Эртең менен кечке чейин «Ата Мекен», «Өнүгүү-Прогресс» жана «Республика — Ата Журт» фракциялары бүгүн премьер-министрдин бир жылдык отчетун угуп, өкмөттүн 2017-жылдагы ишин канааттандырарлык эмес деп тапты.

Бүгүнкү жыйынга премьер-министр Сапар Исаков өзү келип, отчет берип, үч фракциядан колдоо тапкан жок. Буга чейин КСДП менен “Кыргызстан” отчетун жактырган. Анда өзү келген эмес. Бүгүн өзү келип, депутаттардын “таландысына” калды. Кумтөр, ЖЭБ, Тогуз-Тородогу жагдай, «Акылдуу шаар» долбоору, ГЭС куруу, коррупцияга каршы күрөшкө байланыштуу курч суроолор болду. Өкмөт башчы өзгөчө ЖЭБ боюнча суроону жактырган жок. Ошентип, С.Исаков фракциялардын жана комитеттердин баасынан өткөн жок.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.