Кара-Суудагы ардагерлерге материалдык жардам, телевизор берилди

Кара-Суудагы ардагерлерге материалдык жардам, телевизор берилди

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, ЖКнын төрагасы Дастанбек Жумабеков Ош облусундагы иш сапарынын алкагында Кара-Суу районундагы Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерин Жеңиштин 73-жылдыгы менен куттуктап, аларга телевизор берилип, материалдык жардам тапшырылган.

Кымбаттуу ардагерлер, сиздер согуш талаасында жана орукта эрдик көрсөтүп, баскынчыларга каршы айыгышкан күрөш жүргүздүңүздөр. Күн санап жеңишке жакындаган сайын душмандын мизин кайтаруу үчүн баарына кайыл болдуңуздар. Силердин талыкпаган эмгегиңердин арты менен биз тынчтыкта жашап, өлкөбүз өнүгүп келет. Көрсөткөн эрдигиңер элибиздин эсинде жана тарыхта түбөлүк сакталат”, – деген Дастанбек Жумабеков.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.