Премьер-министрди коштогон кортеждеги унаа кырсыкка учураптыр…

Премьер-министрди коштогон кортеждеги унаа кырсыкка учураптыр…

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ Жалал-Абад, Ош облустарына иш сапары менен барып, «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалдык комплексинин ачылышына катышып, № 6-орто мектебинин курулушунун жүрүшү менен таанышкан.

Алдын ала маалыматтарга караганда, андан соң премьер-министр Өзгөн районуна жол тарткан. Жолдо баратканда аны коштоп жүргөн кортежден эки (“Тойота Лэнд Крузер 200” жана “Лексус LX 570” маркасындагы) унаа кырсыкка учураган. Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.