Сапар ИСАКОВ: “Алмазбек Атамбаев түз тапшырма берген эмес!”

Сапар ИСАКОВ: “Алмазбек Атамбаев түз тапшырма берген эмес!”

Бүгүн Жогорку Кеңеште депутаттар Бишкек ЖЭБ маселесин кароодо. Учурда ЖЭБдин модернизациялоого кеткен 386 млн. доллардын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусу талкууланууда. Бул жыйынга мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков катышууда. Ал Атамбаевди аябай эле актап, жактап отурат. Буга чейин  депутат Исхак Масалиев экс-президент Алмазбек Атамбаевден кол тийбестик макамын алууну сунуштаган. Анткени ЖЭБди модернизациялаш үчүн Кытайдан насыя алууга Атамбаевдин түздөн-түз тиешеси бар экенин, анын тапшырмасы болгонун айткан. Ага Сапар Исаков мындай деп жооп кылды: “Алмазбек Атамбаев түз тапшырма берген эмес, «карап көргүлө» деп жатат. Ошондуктан Масалиев алдабасын, жалаа жаппасын. Экинчиден, биз президентке бардык компаниялар туурасында маалымат берип кат жибергенбиз. Биз тигил же бул компанияны лобби кылган жокпуз. Элдин башын айлантпагыла!”.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.