Атамбаев депутат кезинде эле премьер-министрдин ишине кийлигишкенин Муралиев ачыктады

Атамбаев депутат кезинде эле премьер-министрдин ишине кийлигишкенин Муралиев ачыктады

Экс-премьер министр Амангелди Муралиев “Марал” радиосуна келип кенен маек куруп берди. “Атамбаев экөөңүздөрдүн ортоңуздарды кайсы кара мышык аралап кетти эле?” деген журналисттин суроосуна мындай деп жооп берди: “Атамбаевди көптөн бери тааныйм. Чогуу жакшы иштедик, оор мезгилде иштедик, анан жолдорубуз ар кайсы жакка кетти. Атамбаевди көп жыл көргөн жокмун, сүйлөшкөн жокмун. Мамилебизди майда-чүйдө эле бузган. Бир эле эпизодду айтып берейин. Мен премьер-министр болуп турганда салык инспекциясын карадым. Анткени бул инспекция жөнүндө ар кандай сөздөр, ушактар жүргөн. Жетекчилерди карасам, алардын арасында бир дагы өндүрүштөн келген кадр жок экен. Өндүрүш деген өзгөчө бир тармак да. Анан өндүрүш боюнча бир адамды, атын атпай эле коеюн, жетекчинин орун басары кылып дайындадым. Эртеси эртең менен кабинетиме Атамбаев (анда депутат болчу) келип, “ал кишини эмнеге дайындадың? Эмнеге кеңешкен жоксуң?”,-деди. “Премьер-министрмин, дайындайм да”,- десем, ал: “мен депутатмын, сени колдобойм”,-деди. Ошентип экөөбүз урушуп кеткенбиз”.

Карагылачы, биз, кыргыз эли 6 жыл кандай адамды ажо кылганбыз?! Алмаз Атамбаев тээ депутат кезинде эле премьер-министрдин ишине кийлигишип, кадр маселесине нааразы болуп, “кеңешкен жоксуң?” деп атат. Президент болгон соң Кудай берди каалаган кишисин каалагандай калчап… Шоопур, жансакчыларын таасирлүү кызматтарга көтөрүп, аларга “генерал-майор” чинин, “Манас” орденин берип сыйлыктардын дагы деңгээлин түшүрүп кетти. Максим Бакиевдин оң колу болгон Сапар Исаковду да өкмөт башчысы кылып, каалагандай эле калчады. Ошон үчүн “балам” деген да. “Балашкасы” азыр “аташкасын” жакшы эле коргоп жатат. Анын айткан сөзүнөн дагы деле чыга элек. Алсак, Атамбаев ЖЭБ боюнча Жээнбековду күнөөлөгөн, аны бүгүн Исаков кайталады. Мунун башында Атамбаев турарын депутат Исхак Масалиев айтты го, “кол тийбестигинен ажыратып, жоопко тартуу керек” деп. Туптуура, кол тийбестигинен ажыратып, “Кыргыз Эл Баатырлыгын” да алуу керек!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.