Турсунбай Бакир уулу Салахиддин-Музаффар аттуу уулдуу болду

Турсунбай Бакир уулу Салахиддин-Музаффар аттуу уулдуу болду

Экс-депутат, экс-омбудсмен, ажы Турсунбай Бакир уулу уулдуу болгону тууралуу Фейсбуктагы өзүнүн баракчасына сүйүнчүлөп жазып, ымыркайы менен түшкөн сүрөтүн жайгаштырды.

Баракчасындагы куш кабар кандай жазылса, так ошондой оңдоосуз бердик. Анда мындай деп жазылган: “Жамандыктын артынан жакшылык келет” деп туура айтылган. Мына дагы бир уулдуу болдум. Кудайга шүгүр жана чексиз мактоолор! Иерусалимди крест которуучулордон бошоткон жана тарыхта улуу ислам жетекчи жана кол башчы болгон инсандын атын койдум жана кошумча — дайыма жеңүүчү жоокер деген атты коштум. Ошентип уулумдун аты: САЛАХИДДИН-МУЗАФФАР. Аллахым өмүрүн узун жана ыйманын бекем, ислам дини жана мусулмандардын укуктары үчүн дайыма күрөшө турган кылсын!”

Турсунбай Бакир уулу жөнүндө билгиңиз келсе, бу ШИЛТЕМЕден окуңуз!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.