III даражадагы «Манас» орденин ээси Илмиянов зыярат кылууга Арабияга кетиптир

III даражадагы «Манас» орденин ээси Илмиянов зыярат кылууга Арабияга кетиптир

КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү, президенттик аппараттын башчысынын мурдагы орун басары, Алмазбек Атамбаевдин эң таасирлүү, жакын адамы Икрамжан Илмиянов Сауд Арабиясында жүргөнү тууралуу “Азаттык” жазып чыкты. Алардын маалыматына таянсак, И.Илмиянов умрага (зыярат кылууга) кеткени, кайра Кыргызстанга кайтып келери, Рамазан айын өз өлкөсүндө өткөрөрү айтылган.

Шоопурдун кызматка көтөрүлгөн жолу

Икрамжан Илмиянов алгач Алмазбек Атамбаевдин шоопуру болгон. Атамбаев бийликке келгенде кызматка көтөрүлгөн, алгач анын коомдук башталыштагы кеңешчиси, андан кийин президенттик аппараттын башчысынын орун басары болгон. Атүгүл “атасынын” колунан орден алган. Былтыр, 20-ноябрда, андагы президент А.Атамбаев социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө жана экономикалык, социалдык реформаларды өткөрүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле кесиптик ишиндеги жогорку жетишкендиктери үчүн деп III даражадагы «Манас» ордени менен И.Илмияновду сыйланган.

Илмиянов жөнүндө Атамбаевдин мактаганы боюнча бу ШИЛТЕМЕден окуңуздар!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.