Карганбек САМАКОВ: “Балага бүткүл өмүрүн арнаган Периштенин аты – ЭНЕ”

Карганбек САМАКОВ: “Балага бүткүл өмүрүн арнаган Периштенин аты – ЭНЕ”

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтиги ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастар тизмесине киргизген айкөл адам бүгүнкү Энелердин майрамын куттуктап, кат жөнөтүптүр. Анда мындай деп жазылган:

“Куран хадистеринде айтылат: “АЛЛА Таала Балага жан салып жатып: “Сен Жалган дүйнөгө ыйлап барасың. Бирок сен чоочуба. Сен ыйласаң ыйлап, күлсөң күлүп, жашоосунун маңызын сени менен гана көрүп, керек болсо сен үчүн жанын берүүгө даяр турган мээримдүү Периште даярдап койдум. Ал — сенин энең, ал Периштенин аты – ЭНЕ”,-дептир. Бул калетсиз накыл Кепке маани берсек, Улуу Жаратуучу Эге, Адам баласынын Эне сүтүн татып, жерден боорун көтөрүп там-туңдап басып, Өмүр деген татаал жолго кадам ташташына – Өзү чексиз мээримдүү кылып жараткан ЭНЕ аттуу Периштени –  Балага кызмат кылуучу, коргоочу, сактоочу катары жөнөткөнүн туюнабыз. Жерди да огунан чыгарбай кармап турган – ЭНЕ мээрими деп айтылат эмеспи.
Бу дүйнөдөгү болгон бардык жакшылыктардын ээси, урматтуу Энелер! Майрамыңыздар менен! Ак мөңгү уюган Ала-тоолор Жердин салмагын кармап тургандай, урматтуу Ак элечек Энелер, Сиздер да чексиз мээримиңиздер менен Адамзаттын бардык жакшылыктарын алып жүрүүчү Асылдар катары бейпилдикти, кубаныч-күлкүнү, ырыс-ооматты, бардык жакшылыктарды кармап турасыздар. Дүйнө-өмүр, андагы бардык-бардык жакшылыктар Сиздердин чексиз мээримиңиздер менен кармалып турат. Бар болуңуздар урматтуу Энелер! Ылайым Ала-Тообуздун асманы ачык болуп, бала-чакаңыздардын сый-урматында бактылуу жашаңыздар. Дагы бир жолу майрамыңыздар менен!”

Энелик улуу мээримиңиздерге таазим кылып, терең урматым менен Карганбек Самаков

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.