Жогорку Сотко судья Бакирова 82 добуш менен өтүп, 13 добуш менен Воронцова өтпөй калды

Жогорку Сотко судья Бакирова 82 добуш менен өтүп, 13 добуш менен Воронцова өтпөй калды

Бүгүн парламентте Жогорку соттун судьялыгына 5 талапкер көрсөтүлгөн: Кыдык Жунушбаев, Нургүл Бакиров, Ирина Воронцова, Дамира Орозова, Айдарбек Алымкулов. Аларга ар кандай суроолор берилип, сын айтылган. Өзгөчө Атамбаевдин жансакчысын актап, ак жерден Ө.Текебаев, Д.Чотоновго тескери, туура эмес көрсөтмө берген, А.Салянованын сотунда туура эмес чечим чыгарган Ирина Воронцовага ушундай катуу суроолор берилди. Аягында ал депутаттардан колдоо тапкан жок, аны 13 гана депутат макулдугун берип, 91и каршы болду. Алдыга 82 добуш менен Нургүл Бакирова озуп чыкты. Андан кийинки орунду – 70 добуш менен Кыдык Жунушбаев ээледи. Дамира Орозова, Айдарбек Алымкулов колдоо тапкан жок.

Жогорку соттун парламент аркылуу шайланган жаңы судьялары Кыдык Жунушбаев менен Нургүл Бакирова ант беришти.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.