Президенттин сүрөтүн ажатканага алып баргандар изделүүдө…

Президенттин сүрөтүн ажатканага алып баргандар изделүүдө…

Бул тууралуу журналисттер жазып чыгышты. “Президентти кордогондук” дештиби, айтор, колдонгон адамдарды участкалык тескөөчүлөр издей башташыптыр.

Бул бизде эмес, Түркмөнстанда. Гумдаг шаарчасындагы адамдар даарат кагаздын ордуна президент Гурбангулы Бердымухамедовдун сүрөтү бар гезиттерди ажатканага алып барып колдонушкан. Тескөөчүлөр ар бир үйдү кыдырып, ажатканаларын карап, президенттин сүрөтү бар гезит табылгандарга эскертүү беришиптир.

Гезитке сүрөттөрү менен президент байма-май чыгат

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов гезит-журналдардын бетине сүрөттөрү менен байма-бай чыгып турат.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев дагы басылмаларга көп чыгат. Аларда да тартип ушундай. Бирок, эли өзү эле бул жагынан алганда тартиптүү, ажосунун сүрөтүн ажатканага алып барышпайт.

Мындан үч жыл мурун, Казакстандын президенти Кыргызстандын абройлуу гезитине чыгып, сүрөтү айтылуу Чыңгыз Айтматовдун сүрөтүнүн алдында коюлуп калган экен. Аны көргөн Казакстандын бул жактагы элчилиги гезитке чалып, «биздин президент Айтматовдон өйдө туруш керек эле»,-дептир. Алардын элчилиги жакшы иштейт. Ар бир гезитти, дегеле ММКларды карап, көзөмөлдөп турушат.

Түркмөнстанда каатчылык уланууда…

Гезитти колдонгондорду издегенден көрө, «ким ачка отурат?» деп издешсе жакшы болмок. Бүгүн Түркмөнстанда азык-түлүк каатчылыгы уланып жатканы белгилүү болду. Учурда Ашхабадда кумшекер кайрадан кымбаттап, аны айрым мамлекеттик дүкөндөрдөн сатып алуу мүмкүн болбой жатат. Сатуучулар шекер баасы мындан ары да кымбаттай турганын билдиришүүдө.

“Мамлекеттик дүкөндөрдө шекердин килосу 7 манат (2 доллар) турат. Айрым соода түйүндөрүнүн текчесинен табуу мүмкүн эмес. Жеке дүкөндөрдө аны 9-10 манаттан сатып, сатуучулар шекердин баасы жакында 15 манатка чыгарын эскертишүүдө”, — деп билдирди “Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы. Анын айтымында, учурда азык-түлүк дүкөндөрүндө узун кезек жаралууда. Шаар тургундары негизинен кумшекер, ун жана суу май үчүн кезекке турушууда. Бул арада балдар тамак-ашы, гигиена каражаттары кымбаттады.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.