Жээнбеков бөбөктөрдү “балдарым” десе, Жумабеков “досторум” деп салды…

Жээнбеков бөбөктөрдү “балдарым” десе, Жумабеков “досторум” деп салды…

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков менен ЖКнын төрагасы Дастанбек Жумабеков бөбөктөрдү бүгүнкү майрамы, 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттукташты. Алгач президенттин куттуктоосуна көңүл буруңуздар, анан төраганыкын окуңуздар!

«Урматтуу мекендештер!

Кыргызстанда дүйнө коомчулугу менен бирге 1-июнь кичинекей жарандарыбызды, балдарды коргоо күнү катары өткөн кылымдын 50-жылдарынан бери белгиленип келе жатат. Бул күн — балдар дайыма ата-эненин жана мамлекеттин камкордугу менен коргоосуна муктаж экенин, алардын өмүрү менен ден-соолугу, билими менен коопсуздугу, келечеги үчүн жалпы коом жоопкер экенин дагы бир жолу эсибизге салган күн. Ар бир бала бактылуу балалыкка, татыктуу жашоого жана жаркын келечекке ээ болууга укуктуу. Аны камсыз кылуу — биздин милдетибиз.

Ден-соолугу сак, акыл-эстүү жана адептүү баланы тарбиялоо үчүн аны оору-сыркоолордон, зордук-зомбулуктан гана эмес, психологиялык жана маалыматтык тескери таасирлерден, зыяндуу адаттардан да калкалоо керек.

Мамлекет балдардын коопсуздугу, анын ичинде жол коопсуздугу, зомбулукту алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иштердин натыйжалуулугун дагы күчөтөт.

Оорулуу жана майып балдар, кароосуз калышкан, айрым зөөкүрлөрдүн зордук-зомбулугуна туш болуп, кордолгон балдар өзгөчө камкордукка муктаж.

Урматтуу мекендештер!

Ар бир бала шык-жөндөмү, таланты менен жаралат. Аны ойготуу, өстүрүү керек. Ата-эненин, тарбиячынын мээримине, сүйүүсүнө бөлөнгөн балдар акыл-эси жетик, күйүмдүү, шыктуу болуп жетилишет. Ошондуктан, балдарыбызга көп убактыбызды арнайлы, сырдаш бололу.

Кымбаттуу балдарым!

Бүгүнкү майрамдык шаңга бөлөнгөн күнүңөр кут болсун! Силерге ар дайым жарык маанай, узун өмүр, тоодой бак-таалай каалайм. Баарыӊардын алдыга койгон максаттарыӊар, таттуу кыялдарыӊар ишке ашсын! Акылдуу жана чынчыл өскүлө, ата-энеңерге кайрымдуу болуп, элибиз сыйлаган, өз Мекениңердин — биздин Кыргызстандын желегин бийик көтөргөн инсандардан болгула! Жараткан колдоп, турмуш сапарыӊар байсалдуу болсун!»,-деди Сооронбай Жээнбеков.

Дастанбек ЖУМАБЕКОВ: “Кичинекей досторум, улуулардын камкордугуна чулганып, мээримине бөлөнүп чоңое бергиле

“Кымбаттуу кыргызстандыктар! Ардактуу бөбөктөр!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан 1-июнь – Эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттуктайм. Ар бирибиздин жаркын, таза эскерүүлөрүбүз балалык менен байланышта экени шексиз. Анткени, алгач дүйнөнү таанып, кереметтерге чын дилден ишенип жүргөн учурда ар бир жаңы күнгө, жаңы ачылыштарга кубанабыз. Ал балалык таасирлерди өмүр бою унутпайбыз. Ошондуктан бул майрам келечек ээлеринин толук кандуу өнүгүшүнө жоопкерчилик алган улуу муун үчүн өтө маанилүү.

Балдарга камкордук кылуу – бул коомубуздун туруктуу өнүгүшүнүн башкы шарттарынын бири. Аларды коргоого алуу – алгачкы мээрим, билим жана сүйүү тартууланган, наристенин дүйнө таанымы калыптанган үй-бүлө институтуна социалдык жардам көрсөтүүдөн башталат. Айрыкча, кыйын кырдаалда жашаган мигранттардын балдары, саламаттыгынан мүмкүнчүлүгү чектелген наристелер, көпчүлүктүн көңүл сыртында калган өспүрүмдөр зор камкордукка муктаж. Мындай балдарга биз биринчи кезекте көмөк көрсөтүп, аларды колдоо менен туура жашоого багыт беришибиз керек.

Менин кичинекей досторум!

Силерди дагы бир жолу Эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттуктайм. Баарыңарга жаркын келечек, бекем ден-соолук жана узак өмүр тилейм. Улуулардын камкордугуна чулганып, мээримине бөлөнүп чоңое бергиле”,-деди Дастанбек Жумабеков.

“Алакан” сайтынын эмгек жамааты да бөбөктөрдү бүгүнкү майрамы менен куттуктайт.

 Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.