МАИ кызматкерин машинасы менен түрткөн айым экс-депутат Ташболот Балтабаевдин кызы болуп чыкты (ВИДЕО)

МАИ кызматкерин машинасы менен түрткөн айым экс-депутат Ташболот Балтабаевдин кызы болуп чыкты (ВИДЕО)

Кечээ, “Lexus LX570 үлгүсүндөгү машинасы менен бир топ жерге чейин МАИ кызматкерин түртүп барган айымды экс-депутаттын кызы экен. Азырынча аты атала элек” деп жазганбыз. Бүгүн анын атасы мурдагы ЖКнын депутаты, аксакал Ташболот Балтабаев болуп чыкты. Анын 43 жаштагы кызы Нургүл Балтабаева экени маалым болду. Анын жолдошу ИИМ Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы башкармалыгынын мурдагы башчысы Алымжан Козубаев. Күйөөсү да жубайы экенин “Азаттыкка” ырастаган: ”Менин келинчегим болот. Ал жерде ошондой жагдай түзүлүп калыптыр. Бир жактуу карабаш керек”,-деген. Ошондой эле ал жубайы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ташболот Балтабаевдин кызы экенин айткан.

Нургүл Балтаевага Кылмыш-жаза кодексинин «Бийлик адамына зомбулук көрсөтүү» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгонун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

«Булбулдан» алынган тасмада «булбулдай» сүйлөп жатканын көрүңүздөр!

Кечээги кылганын бу жердеги ШИЛТЕМЕден караңыздар!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.