ЖОГОРКУ СОТ: “Аскарбек Шадиев 48 сааттын ичинде кармалышы керек!”

ЖОГОРКУ СОТ: “Аскарбек Шадиев 48 сааттын ичинде кармалышы керек!”

Жогорку Кеңештин «Бир Бол» фракциясынын депутаты, экс-вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев боюнча кызыктай, түшүнүксүз жагдай түзүлдү. Түшүнүксүз дегенибиз, кечээ Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев журналисттер жыйынында Аскарбек Шадиев Кыргызстанда экенин айткан эле. “А.Шадиев өлкөдөн чыгып кеткен жок. Эгерде ал мамлекеттен чыгып кеткен болсо, анда ага карата чек араны мыйзамсыз өтүү боюнча дагы бир кылмыш иши козголот”,-деген Д.Сагынбаев.  А бүгүн болсо, УКМКнын басма сөз кызматы ал чек арадан мыйзамсыз өтүп, Нью-Йоркко кеткендиги, ага сыртынан издөө жарыялангандыгы, соттун чечими менен «камакка алуу» аныкталганы тууралуу билдирүү таратты.

Шадиевдин качкан жолунун картасы

УКМКнын тараткан билдирүүсүндө: «Башкы прокуратура кылмыш ишин 28-апрелде козгогон. Ал эми 27-апрелде Шадиев Баткен облусунун Исфана шаарына туугандарынын тажиясына барып, андан ары Лейлек районунун Арка айылынын тушунан мамлекеттик чек арадан Тажикстан тарапка мыйзамсыз (кечүү аркылуу) өтүп кеткен. 28-апрелде, кылмыш иши козголгондон кийин Шадиев Хужант-Москва (Домодедово) авиакаттамы аркылуу Кыргызстандын дипломатиялык паспорту менен жөнөп, андан ары Нью-Йоркко (АКШ) учуп кеткен. Жакындары Шадиев дарыланууга кеткенин, 1-2 жумада кайтып келерин айткан, бирок ал дагы эле тергөө органдарынан атайылап жашырынып жүрөт. Ошого байланыштуу издөө жарыяланды»,- деп айтылат.

Соттун чечими

Кечээ, 31-майда, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы А.Шадиевге Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде айып такты. Ошол эле күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту ага карата «камакка алуу» чечимин чыгарып, эки айга камакка алышты, бирок сыртынан гана. Ал эми Жогорку соттон билдирүүсүнө караганда, Аскарбек Шадиев 48 сааттын ичинде кармалышы керек.

30 миң уурдалганы боюнча иш козголгон

Эскерте кетсек, КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллар уурдалганы быйыл февралда ачыкка чыккан. Ушул ишке байланыштуу ЖКнын мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков жана Аскарбек Шадиев бир нече ирет суракка чакырылган. А.Шадиев дал ушул иш боюнча вице-премьер-министрлик кызматын тапшырган. Бирок, ЖКга кайтып келип, депутат кызматында калган.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.