Кубанычбек Кулматов камакка алынды (ВИДЕО)

Кубанычбек Кулматов камакка алынды (ВИДЕО)

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматов бүгүн УКМКга кайрадан суракка чакырылып, үч саат суракка алынган. Андан соң, Биринчи май райондук сотуна алынып кеткен. Ал жактан камакка алуу чечими чыгып, камакка алынды.

Эскерте кетсек, 18-майда К.Кулматовго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү («Коррупция») боюнча айып тагылган, үйү тинтүүгө алынып, мүлкү камакка алынган. 2014-жылы мэр болуп турган кезде, Кытайдын ТВЕА компаниясы Бишкектин Жылуулук электр борборуна жана Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна берген акчаны мыйзамсыз коротууга тиешеси бар экенин маалымдаган. Кулматов өзүнө тагылган айыпты четке кагып келген.

Соттон соңкуну ВИДЕОдон көрүңүз!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.